1910-жылдар. Гибсондун кыздары
Узун бойлуу, кымча белдүү, төшү чоң жана кең жамбаштуу – XX кылымдын башында АКШлык иллюстратор Чарльз Гибсон аялдын сулуулугун ушундай деп сүрөттөгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин «кум сааттыкындай» фигуралуу аялдар батыш дүйнөсүндөгү модада да, ар кандай жарнамаларда да басымдуулук кылган. «Гибсондун кыздары» афишаларда, дүкөндөрдө жана сулуулук салондордо илинип турган.
1920-жылдар. Демократиялык флэппер
Назик, кылыктанган жана корсеттерди катуу тартып байланган Гибсондун айымдарына 20-жылдардын башында башка формадагы кыздар келген – аларды флэпперлер деп аташкан. Кичине төш, түз жамбаш, жана башкысы эч кандай корсеттерсиз. Флэпперлердин жашоо образы абдан популярдуу болуп, аны көптөгөн жазуучулар өз чыгармаларында романдаштырган, айрыкча Скотт Фицджеральд.
1930-жылдар. Назиктик жана тармал чачтар
Жеңил ойлуу жана адаттагыдай эмес флэпперлердин ордуна келишимдүү, тең салмактуу жана өзүнө ишенген аялдар келе баштаган. Алар фигураларын даана көрсөтүп турган консервативдик кийимдерди кийишкен. Ошол кездеги стилдин икондорунун бири голливуд актрисасы Мэй Уэст болгон. Дал ошол мезгилде «гламур» стили жаралган.
1940-жылдар. Тыкан жана сымбаттуу
Согуш жылдары популярдуулуктун туу чокусунда эркектикиндей жана тыкан фигуралар турган. Модага айрыкча кеңири ийиндер менен белди өзгөчө белгилеп турган костюмдар кирген.
1950-жылдар. Чоң көкүрөк жана назиктик
1920-жылдары популярдуу болгон «кум сааттыкындай» фигуралар кайрадан аялзатынын сулуулук үлгүсү боло баштаган. Аялдардын идеалдуу фигурасы чоң көкүрөктү, кенен жамбашты жана ичке белди камтышы керек болгон. Стилдин икондору деп айрыкча, актриса жана ырчы Мэрилин Монро, ошондой эле Дороти Дэндридж эсептелген.
1960-жылдар. Твигги
60-жылдардын сексуалдуу эволюциясы коомдо аялзатынын сулуулугуна маанилүү түзөтүүлөрдү киргизген. Чоң көкүрөктүү жана чоң жамбаштуу фигуралардын ордуна төшү кичине андрогиндик кыздар келишкен. Твигги ылакап аттуу супермодель Лесли Хорнбинин (сүрөттө) аракеттери менен модага кыска көйнөктөр жана кыска юбкалар кирген. Леслиге окшошкусу келген кыздарды (мындай кыздар өтө көп болгон) Твигги деп аташкан.
1970-жылдар. Күнгө күйгөн жана тыкан
1970-жылдардын сулуулары сөзсүз түрдө тыкан, тартылып турган фигуралуу болушу керек эле. Модада ошондой эле күнгө күйгөн дене жана «табигый» макияж болгон – аялдар косметиканы өтө аз колдонгон. Стилдин иконасы деп актриса Фэрра Фосеттти (сүрөттө) аташкан.
1980-жылдар. Узун буттуулар жана спорттук дене
80-жылдары көптөгөн аялдар фитнеске жана дени сак жашоого көбүрөөк умтула башташкан. Батыш өлкөлөрдө машыгуу залдары жана фитнес-борборлор жаандан кийинки козу карындардай биринин артынан бири ачыла баштаган. Спорттук дене түзүлүштөгү аялдар эң сымбаттуулар деп саналган. Ал кездеги үлгү болуучу аял актриса жана модель Жейн Фонда болгон. Анын денесине дүйнөдөгү миллиондогон аялдар суктанып турушкан.
1990-жылдар. Арыкчырай жана кубарган өң
10 жылдан кийин мода журналдарынын тышындагы спорттук дене түзүлүштөгү сымбаттууларды арыкчырай кыздар алмаштыра башташкан. 90-жылдары популярдуулуктун чокусунда кубарган өңдүү анорексиялык (өтө эле арык) кыздар турушкан. Модадагы жаңы багыттын жүзү британиялык арык модель Кейт Мосс (сүрөттө) болгон.
2000-жылдар. Кайрадан спорт
Жаңы миң жылдыктын башталышында аялдар кокустан спорт тууралуу ойлоно башташкан. Көңүл борборунда 1980-жылдардагыдай эле тартылган бекем фигуралар модага кирген. Машыккан, бекем жана чымыраган денелүү аялдар модада болушкан. Мындай аялдардын эң ачык үлгүсү — бразилиялык Жизель Бюндхен (сүрөттө).
2010-жылдар. Төшү да, жамбашы да чоң аялдар
Модага кайрадан чоң көкүрөк келди. Жаңы багыттын башкы өкүлү — америкалык актриса жана модель Ким Кардашьян (сүрөттө).