Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баракелде, Дүйнө 27.07.2016 12:29

Россиялык музыкант Андрей Макаревич өзүнүн спермасын тоңдуруп койду

Turmush -  

Россиялык музыкант, «Машина времени» тобунун солисти 62 жаштагы Андрей Макаревич өзүнүн спермасын тоңдуруп койду. Бул тууралуу Life билдирди.

Булактын маалымдашынча, Макаревич эмбриологдорго эки жыл мурун эле кайрылып, Москвадагы тандалма репродуктивдик клиникалардын биринде криоконсервация (кайра эритүүдөн кийин биологиялык функцияларын калыбына келтирүү мүмкүндүгү менен тирүү биологиялык объектилерди төмөнкү температурада сактоо, - ред.) процедурасын жасашты. Баасы 15 миң рублди түздү. Биоматериал сакталган, ичинде суяк азот бар термостун ижарасы жылына 10-15 миң рублди түзөт.

Макаревичтин учурда 2 кыз. 1 уулу бар: 41 жаштагы Дана, 29 жаштагы Иван жана 15 жаштагы Анна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×