Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баракелде, Дүйнө 12.09.2016 13:48

Сот 60 жаштагы аялга өлгөн кызынын урук клеткаларын пайдаланып боюна бүтүрүүгө уруксат берди

Turmush -  Улуу Британиянын соту 60 жаштагы аялга анын өлгөн кызынын урук клеткаларын пайдаланып боюна бүтүрүүгө уруксат берди.

Реципиентканын (биологияда башка органды алган адам) кызы беш жыл мурун 28 жашында ичеги рагынан көз жумган. Өлөр алдында ал өзүнүн энесине анын балдарын курсагында көтөрүүнү өтүнгөн. Бирок тоңдурулган урук клеткаларын пайдаланууга уруксат кагазын жазып калтырган эмес.

Дал ошол кагаздардын жоктугу британиялык аялдын боюна бүтүрүүгө тоскоолдук кылып келген. Ал бир канча соттордон өтүп, бул жолу апелляциялык сот бул «уникалдуу абал» экенин белгилеп, аялга зарыл болгон медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн биологиялык материалды Нью-Йорктун клиникасын алып кетүүгө уруксат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×