При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Мекендештер»: Россияда «Жылдын дарыгери» наамына талапкер М.Толтоев жылына 300 адамга операция жасайт (фото)

Turmush -  Жыл сайын 300дөн ашуун адамга операция жасаган кыргызстандык 34 жаштагы хирург Мелис Толтоев 5 жылдан бери Россиядагы Татар ооруканасында эмгектенип жатат. Учурда ал ооруканада жүрөктү УЗИ аппараты менен текшерген жалгыз адис. Мекендешибиз быйыл Россиядагы мыкты дарыгерлердин катарында «Жылдын дарыгери» сынагына да катышып жатат. Ата Журтунан алыста жүрүп ийгиликтерди жаратып жаткан мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты. 

Мелис Толтоев Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. Анын дарыгер болуу кыялы 10-классында башталган.

«Менин балалык чагым Кызыл-Сеңир айылында өттү. Ош шаарындагы У.Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей-мектеп интернатында окудум. Менин дарыгер болушума химия сабагынан олимпиадага катышканым түрткү болгон. 10-классымда химия сабагынан шаардык баскычта 1-орунду алып, республикалык олимпиадага катышып, байгелүү орунга ээ болдум. Ошондон тартып менде адамдын анатомиясын үйрөнүүгө болгон кызыгуу күчөдү. Мектепти аяктагандан кийин кыялымды ишке ашыруу үчүн Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуп баштадым. 2007-жылы дарылоо иши адистигине артыкчылык диплом менен ээ болдум. Андан кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2 жыл ординатурада окудум. Ал жактагы окутуучуларымдын сунушу менен 2009-жылы Россиянын Казань шаарына келип, аспирантурада окуп баштадым», - деди ал.

Мелис мырза алгач Россияга келгенде жерине, элине болгон сагынычты унутпайт.

«Мен кеч күздө — ноябрь айынын башында Казанга келдим. Бишкекте айланаңда дайыма туугандарың болсо, бул жакта сени тааныган, билген бир жан жок. Алгачкы бир ай кыйналдым. Андан соң чогуу окуган аспиранттар, окутуучулар менен таанышып жакын болуп кеттим. 3 жыл аспирантурада окуп, кайра Кыргызстанга кетем деп ойлогом. Бирок, бул жерде калууга туура келип, бул жакта иштеп калдым», - деди ал.

Хирург аспирант болуп жүргөндө 30дан ашуун илимий иш жазганга жетишкен.

«Кесиптештерим өтө ынтымактуу. Кандай гана маселе болбосун биргеликте чечебиз. Мага жүрөгүн УЗИге тарттыруу үчүн күнүнө 30-40 адам келет. Бир жылда 300дөн ашуун адамга операция жасайм. Биздин негизги максатыбыз — элге жардам берип, элдин саламаттыгын жакшыртуу болуп саналат. 5-6 саат бою операция жасаган учурлар көп болот», - деди дарыгер.

Мелис Толтоевди атасы ар дайым колдоп келет.

«Атам мени экономист, бухгалтер болсо деп каалачу. Окууну бүткөндөн кийин дарыгер боло турганымды айтсам, мени туура түшүнүп колдоду. Үйдө 4 бир туугандын экинчисимин. Бир туугандарымдын бары мамлекеттик кызматтарда иштешет. Мен ата-энем менен интернет аркылуу байланышып турам. Жубайымдын кесиби экономист. Учурда бир уул, бир кызым бар», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2706
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу