При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Өзбекстанда Гүлнара Каримова камакка алынды

Turmush -  Өзбекстанда мурунку президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Г.Каримованын уюшкан топтун кылмыштуу иштерине жардам көрсөткөндүгү аныкталган.

«2013-жылы 24-октябрда «Terra Group», «Prime Media», «Gamma Promotion» компаниялары салык төлөөдөн качуу фактылары боюнча кылмыш иш козголгон. Бул ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Фергана облусунда 1972-жылы 8-июлда туулган Каримова Гүлнара Исламовна 2001-2012-жылдары Н.Садикова, 2013-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Р.Мадумаров жетекчилик кылган уюшкан кылмыштуу топко жардам көрсөткөндүгү аныкталган. Ал убакта Г.Каримова Саясий изилдөөлөр борборунун директору кызматын ээлеп келген. Г.Каримованын жетекчилиги алдында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 2001-жылдан 2013-жылга чейин бир катар кылмыштарды кылышкан», - деп жазылат маалыматта.

Алар опузалоо жолу менен жарандардын жана ишкерлердин 54,1 млрд сум өлчөмүндө акча каражаттарын, акцияларын, үлүштөрүн ээлеп алышкан («Темирди, түстүү металлдарды даярдоо жана кайра иштетүү «Ташкент заводу» ААКтагы Г.Гаибназаровдун акциясы жана «Ангрен-цемент» компаниясынан - 4,1 млрд. сум өлчөмүндөгү каражат, 4 млн АКШ доллары, 2 батир, 4 үй, 8 унаа - 17,3 млрд сум, «KOLORPAK» жана «NASHRIYOT UYI TASVIR» компаниясындагы Ш.Ахмедовдун үлүшү – 1,9 млрд сум жана башкалар);

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын уюшкан кылмыштуу топ жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгы иштин материалын толугу менен жарыялады. Толугу менен бул шилтемеде.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу