Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

М.Саакашвили: Президент П.Порошенко менен ички иштер министри «Украинаны бөлүшүп алышкан»

Turmush -  Грузиянын мурунку президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Петр Порошенко менен кызматташкан учурундагы өзүнүн катачылыктарын санап өттү. Бул тууралуу ал «Украина чындыгы» ММКга интервью бергендигин lenta.ru. жазып чыкты.

«Менин эң негизги катам башында эле Порошенконун мотивациясын туура эмес түшүнүп алгандыгымда. Анын мотивациясы эң эле жөнөкөй — акча табуу», - деди Саакашвили.

Ал «Порашенко ошол бойдон — баналдуу соодагер бойдон калган» деп кошумчалады.

«Мен президенттин администрациясында иштегем жана Порошенко жумуш ордунда убактысынын көпчүлүгүн ишкерлик маселелерин чечүүгө жумшачу», - деди саясатчы.

Саакашвилинин айтымында, Порошенко жана Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков «өлкөнү бөлүшүп алышкан». «Бул өкмөттүн деңгээлиндеги келишимдер эмес, алар мамлекеттик активдерди, кен чыккан жерлерди, бажы кызматына түшкөн каражаттарды, салыктарды кайтарып берүү боюнча келишимдер болгон», - деди Грузиянын мурунку президенти.

26-июлда Порошенко Саакашвилини Укрананын жарандыгынан ажыратуу боюнча буйрукка кол койгон. Миграциялык кызматы мындай чечим «Жарандык жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде кабыл алынгандыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2071
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×