При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Түркияда Ф.Гүлен менен байланышы бар деп шектелип 831 адам кармалды

Turmush -  Түркияда акыркы жумада согушчан топтор жана Ф.Гүлен менен байланышы бар деп шектелип 1098 адам кармалды. Бул тууралуу Reuters маалымдады.

Маалыматка караганда, Түркиянын бийлиги диний ишмер Фетхуллах Гүленди 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптап келет. Кармалган 1098 адамдын 831и Ф.Гүлен менен байланышы бар деп шектелип жатат.

Түрк бийлиги мындан тышкары өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдистандын жумушчу партиясы менен байланышы бар деп 213 адамды кармады. Дагы 46 адам «Ислам мамлекети» террористтик уюму, 8 адам солчул террористтик топтор менен катыштыгы бар деп кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу