Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Ирактын Афганистандагы элчилигинде 2 жолу жардыруу болду

Turmush -  Кечээ, 31-июлда Ирактын Афганистандагы элчилигинин алдында 2 жардыруу болду. Бул тууралуу DW басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, жардыргыч коюлган унаа жарылган. Андан көп өтпөй жанкечти 2-жардырууну ишке ашырып, куралдуу адамдар элчиликтин имаратына кирүүгө аракет кылышкан.

Жардыруунун кесепетинен афганистандык 2 күзөт кызматкери каза болду. Кол салгандардан 3 адам ок атышуу учурунда каза болгон. Полиция районду курчоого алып, адамдарды эвакуациялап жатат.

Reuters агенттиги жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террористтик уюму өзүнө алгандыгын кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1080
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×