Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Индияда ымыркайдын курсагынан эгизин алып чыгышты

Turmush -  Индияда дарыгерлер ымыркайдын курсагынан толук жетилбеген түйүлдүктү алып чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. Дарыгерлердин айтымында, ал түйүлдүк ымыркайдын эгизи болгон.

Мындай аномалияны (нормалдуу өсүүдөн четтеп кетүү) Мумбра шаарынын госпиталындагы врач-рентгенолог июль айынын башында энени толук текшерүү учурунда аныктаган. Бирок, ал төрөттөн кийин дагы бир текшерүү чечимин кабыл алган. Дарыгер УЗИден өткөрүү учурунда ымыркайдын курсагында эгизинин бар экенин аныктап чыккан.

Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, толук жетилбеген түйүлдүктүн узундугу 7 сантиметрге жетип, салмагы 150 граммды түзгөн.

Ымыркайга операция Тхана шаарындагы клиникада жасалып, дарыгерлер анын курсагынан эмбрион-паразитти ийгиликтүү алып чыгышкан.

«Азыр ымыркайдын абалы жакшы. Жакын арада анын энеси баласын колуна алып, эмизип баштайт», - деди дарыгерлер.

Медицинада мындай аномалия «эмбриондун ичиндеги эмбрион» деп аталып, сейрек кездешет. Мисалы, ал 500 миң кош бойлуу аялдын биринде гана болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×