Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Британиялык скульптор 100 миң бычак менен периштенин 8 метрлик статуясын жасады (фото)

Turmush -  Британиялык скульптор Альфе Рэдли ар кандай көлөмдөгү 100 миң даана бычактар менен периштенин 8 метрлик статуясын жасады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, автор бул эмгекти жасоо үчүн жалпы 2 жылдай убакыт короткон. Ал бычактарды Шропширдеги метал иштетүүчү ишканадан жана полициялык участоктордон алган.

Альфе Рэдлинин баамында, аталган статуя Британияда муздак курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны жыл сайын өсүп бара жатканы менен түшүндүрүлөт.

Учурда периштенин статуясы толугу менен жасалып бүтүп, Рэдли аны Лондондун Трафальгарск аянтына орнотуу үчүн өкмөткө кайрылды.

40_main_new.1501510752

785733_2_w_1000

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1212
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×