При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Дүйнөдөгү кереметтүү 5 жер: Тозок дарбазасы жана кызыл көлдүн бийиктен көрүнүшү (фото)

Turmush -  Адамзат космос ааламын багындырууга аракет жасаганы менен биздин планетадагы таңгалычтуу жерлердин сырлары бүгүнкү күнгө чейин ачылбай келет.

Дүйнөдөгү өзгөчө жана кооз жерлер

Румыниянын Клуж-Напока шаарынан алыс эмес жерде Хойя токою бар. Жергиликтүүлөр бул токойдун ичин аралаганга аракет кылышат. Айрым маалыматтарга караганда, Хойядан дайыма адамдар жоголуп турат. Мындан тышкары, токойдо сейилдегендердин артынан бирөө аңдып жүргөндөй сезилип, эртеси күнү ошол токой аралаган адамдын денесине кызыл темгилдер чыккан учурлар айтылып жүрөт.

t-2-e1370696112416

Австралиядагы кереметтүү Хиллер көлүнүн түсүн ушул мезгилге чейин окумуштуулар толук түшүндүрүп бере алышпайт. Айрымдар Хиллер көлүнүн кызгылт түсүн сууда өскөн кызыл түстөгү балырлар жана микроорганизмдер менен байланыштырышат. Көл өтө туздуу, ага түшүүгө болот.

liqeni_hillier_-_roze
Ирандагы Бадаб-е Сурт эки минералдык ысык булактары ​​менен өзгөчөлөнөт. Дарылык касиетке ээ болгон бул жерге Ирандын сыйлуу коноктору келет.

badab_sort_by_nimatadj-d53otdw

Дарваза газдуу кратери Түркмөнстанда 1971-жылы метандын жарылуусунан пайда болгон. Ал «Тозоктун эшиги» же «Тозок дарбазасы» деген ат менен белгилүү. Бул жердеги газ 40 жылдан ашык убакыттан бери күйүп турат.

1024px-the_door_to_hell

Йемендин Сокотра аралы. Эч жерде жолуктурууга мүмкүн болбогон өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды ушул жерден жолуктурса болот.

02.496x0-is

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3951
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу