При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Россияда издөөдө жүргөн кыргызстандык мигрант терезеден кулады

Turmush -  Издөөдө жүргөн кыргызстандык мигрант Санкт-Петербург шаарындагы үйдүн терезесинен кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу gazeta.spb.ru. маалымдады.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы мигрант Ударников көчөсүндөгү №19 үйдүн 2-кабатындагы терезеден кулаган. Кырсыктан кийин аны ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткиришкен. Кийинчерээк ага карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренеси менен кылмыш иш козголгону такталды. Ал жасалма документ колдонгондугу үчүн издөөдө жүргөн. Шектүү Санкт-Петербург шаарында каттоосу жок жашап жүргөнү белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу