При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Америкада адам менен жаңсоолор аркылуу сүйлөшкөн орангутан өлдү

Turmush -  Американын Джорджия штатындагы Атланта шаарында жайгашкан зоопаркта адамдын тилин жаңсоолор аркылуу үйрөнгөн орангутандын эркеги өлгөндүгүн РИА Новости басылмасы Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, 40 жаштагы орангутан Чантек жүрөк оорусунан жапа чегип, дарылап жатышкан. Ал Атланта шаарында туулуп, 9 жыл антрополог Лин Майлз менен Теннесси штатынын Чаттануга шаарындагы университетте жашаган. Бул мезгил аралыгында Чантек бөлмөсүн тазалоого, устачылык кылууга жана инструменттерди колдонууга, ошондой эле университеттен фастфуд сатуучу жайга чейин баруучу жолду көрсөтүүгө үйрөнгөн.

Мындан тышкары, Чантек адамдын тилин жаңсоолор аркылуу үйрөнүп, зоопарктын кароолчусу менен сүйлөшүүгө аракет кылган биринчи орангутан болду. Ал зоопаркка 1997-жылы барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу