Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Антальяда кыргызстандыктарга жардам берип, сойкулар менен күрөшкөн достук бирикме расмий катталды

Turmush -  Түркиянын Анталья шаарында эмгектенип, билим алып жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген достук бирикме расмий каттоодон өтүп, расмий иш жүргүзүү укугуна ээ болду. Укуктук колдоо көрсөтүп, улуттар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатын көздөгөн борборду ат-башылык Талант Курманалиев негиздеген. Учурда ага активдүү кыргызстандыктар мүчө болуп, жумуштан, сабактан тышкаркы убактысында борбордун жумуштары менен алек болууда. Ошондой эле, кыргызстандыктар коомдук иштерде, маданият тармагын тааныткан салтанаттарда активдүүлүгүн көрсөтүшөт.

Алардын максаты — ар кандай кырдаалдар менен жардамга муктаж болгон мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, кыргыз маданиятын, улуттук баалуулуктарды даңазалоо. Эми расмий документ соттук процесстерге чейин катышып, кыргыздардын укугун коргоого мүмкүнчүлүк берет.

«Антальядагы кыргыздар дайыма социалдык тармактар аркылуу байланышып, кабардар болуп, ар кандай суроолоруна жоопторду алып турушат. Антальядагы кыргыз бир туугандар кыйынчылыктарга туш болсо жардам беребиз. Улуу муундагы эжелер кеңештерин берип, ойлорун айтышат. Көбүнчө көчөдө калып, эмгек акысын ала албай калгандар кайрылышат.

Чындыгын айтканда, Антальяда сойкулук өтө өнүккөн. Сойкулукка кыргыз кыздарын аралашпаса деген максат менен да иштеп жатабыз. Андай жолго барган кыздар улуттун намысына, кыргыз элине шек келтиришет. Бул көйгөй боюнча жергиликтүү полиция менен тыгыз байланышып, операцияларды жүргүзүп турабыз. Бул көйгөй 20 жылдан бери уланып келе жаткандыктан токтотуу кыйын. Бирок, консулдуктар менен кеңешип, жергиликтүү тиешелүү органдар менен сойкулук үчүн топ болуп уюшулган кыздарды Кыргызстанга депортациялоо иштерин жүргүзөбүз», - деди Т.Курманалиев.

Учурда бирикменин расмий ачылышын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн, маданият кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу уюштурууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2705
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×