Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Сауд Арабиянын 26 жаштагы ханзаадасы каза болду

Turmush -  Сауд Арабиянын 26 жаштагы ханзаадасы Сальман бен Абдаллах бен Турки Аль-Сауд каза болду. Бул тууралуу Saudi Press Agency агенттиги кабарлады.

Маалыматта анын өлүмүнүн себеби боюнча эч нерсе айтылган эмес. Ханзаада Сальман бен Абдаллах бен Турки Аль-Саудду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы кечээ, 8-августта өтө турганы белгиленген.

Eremnews агенттиги өзүнүн булактарына таянуу менен 26 жаштагы ханзаада жүрөк оорудан каза болгонун кабарлады.

Июнь айынын аягында Сауд Арабиянын падышасы Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд мураскер ханзаада катары 32 жаштагы Мухаммед бен Сальманды тандаган. Анын талапкерлигин Сауддардын падышалык үйүнүн үй-бүлөлүк кеңешинин 43 мүчөсүнүн 31и колдогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3189
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×