При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилер өткөргөн 103 миң долларлык телефондор кармалды

Turmush -  Тажикстандын Бажы кызматы аткезчилик жол менен жалпы баасы 935 миң сомонини (106 миң доллар) түзгөн 553 даана «Samsung Galaxy» телефонун алып бара жаткан адамды кармады.

Телефондор Канибадам — Худжанд унаа жолунда «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаадан табылган.

«Аталган товар Тажикстандын 30 жаштагы жараны Р.Ф.га таандык болгон. Товар бажылык көзөмөлдөн өтпөй, Кыргызстандан аткезчилик жол менен алынып келген. Р.Ф. 553 телефонду Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен Барбардук районунан Кыргызстандын Каныбек аттуу жаранынан алган», - деп айтылат Бажы кызматынын маалыматында.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу