При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото, видео - Кытайда 6,5 баллдык жер титирөө болуп, 2 миңдей адам жайгашкан отель урады

Turmush -  Кытайдын Сычуань аймагында 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, деп маалымдайт Би-би-си.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн кесепетинен 13 адам каза болуп, 175 адам жабыр тартты.

Кытайдын өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча улуттук комиссиясы жер титирөөдөн 13 миңден ашык үй урашы мүмкүн экенин маалымдады.

Синьхуа агенттиги малымдагандай, жер титирөөнүн кесепетинен Цзючжайгоудагы мейманканалардын биринин жарымы урап, 2 миңге жакын адам имараттын ичинде камалып калган. Учурда жабыркагандарды эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

CGTV каналынын маалыматы боюнча, жер титирөө болгон аймактан жалпы 31,5 миң турист куткарылды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 963
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу