При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Филиппиндеги 100 жаштагы Ванг Од туристтердин денесине кереметтүү сүрөттөрдү тартат

Turmush -  Дүйнөнүн төрт тарабынан миңдеген туристтер Филиппиндин Калинга провинциясындагы Бускалан кыштагында жашаган Ванг Одду көрүү үчүн барышат. Аталган мамлекеттин борбору Манила шаарынан Бускалан кыштагына туристтер автоунаа менен 15 саатта жетишет.

43_main_new.1502190307

Ванг Од – денеге сүрөт тартуу боюнча чебер. Ал салттуу тату – батек менен алектенет. Ванг Од ушул жылы 100 жашка чыгат.

Жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүнө караганда, Ванг татуировка искусствосу менен 15 жашынан тартып алектенип баштаган.

«Азырынча менин көзүм курч. Ошондуктан бул ишти жасайм», - дейт Ванг Од.

Салттуу батек татуировкасын жергиликтүү бутбут жоокерлери колдонушкан. Андагы бүркүт – эрдик, кайраттуулуктун символу болгон. Ал бир гана бутбут жоокерлеринин денесине тартылган. Бирок, бүркүт символун денеге жайгаштырууну жоокер эмес, сүрөтчү өзү чечкен. Ал жоокердин денесинин ылайыктуу жерине батек татуировкасын жасаган.

Батек татуировкалары наристе төрөлгөндө, өз алдынча жашоо баштаган учурда колдонулган ырым-жырымдардын бир бөлүгү болгон. Ошондой эле, бул тату аялдарга сулуулук тартуулоочу элементтердин бири болгон.

«Илгери ата-энелер кыздары жагымдуу жана келбеттүү көрүнүшү үчүн аларга татуировкаларды жасашкан. Бир жолу менин курбу кыздарым дагы "биз сени сулуу кылабыз" деп айтышкан», - деди сүрөтчү.

Ванг Оддун колуна жана бутуна тартылган кооз сүрөттөр жыландын жүзүн элестетет. Чебердин айтымында, бул сүрөттөр эч нерсени түшүндүрбөйт. Болгону кереметтүү орнаменттер.

Ванг Од учурда туристтерге татуировка түшүрүү менен алектенет. Айрым учурларда ал бир күндө 8 кардарга сүрөт тартып берет. Анын сүрөттөрүнүн арасынан адамга жакшылык алып келүүчү жаныбарларды, канаттууларды, тоону жана күндү көрүүгө болот.

19228553_982494948557127_2260019741139664896_n

«Мен абдан кубанычтамын. Туристтер менин жашоомдун маңызын толтуруп жатышат», - деди чебер.

Ал татуировка жасоо үчүн мурунку ата-бабасы колдонгон тикенек, бамбук таякчасын, оттун күлүн жана сууну колдонот.

Ванг Оддун балдары жок. Ал жээндерине чеберчилигинин сырларын үйрөтүп, тарбиялап келет.

«Мен бул аймакта аталган өнөрдү алып жүргөн жалгыз сүрөтчүмүн. Бирок, искусством жоголот деп эч качан коркпойм. Анткени мен аны ишенимдүү колго өткөрүп жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 904
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу