При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Россияда кыргызстандык 15 адам бара жаткан кичи автобус кырсыкка учурады

Turmush -  8-августта Оренбургда кыргызстандык 15 адам бара жаткан кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Россиялык ЖМКлар маалымдады.

Маалыматка караганда, саат 21:35 чамасында Бакалка айылынын 26 жаштагы тургуну (аял киши) «ЗАЗ Lanos» унаасы менен жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, кичи автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 2 аял каза болгон. Москва – Бишкек каттамында бара жаткан кичи автобуста 2 айдоочу жана 15 жүргүнчү бар болчу.

Текшерүү учурунда кыргызстандыктар Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөнү такталды. Аларга миграциялык режимди бузганы үчүн протоколдор түзүлдү. Айдоочуга да өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарга унаасы менен кызмат кылгандыгы үчүн протоколдор түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу