При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Издөөдөгү улуу британиялык кылмышкер сүрөтүнө нааразы болуп полицияга кайрылды

Turmush -  Улуу Британияда кылмышка шектүү катары изделип жаткан эркек киши сүрөтүнө нааразы болуп, полицияга кайрылды. Бул тууралуу Лента басылмасы жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди.

64_main_new.1502240490

Түштүк Уэльстин полиция департаменти социалдык түйүндөргө кылмышка шектүү делген 35 жаштагы Уэйн Эсмонддун сүрөтүн жарыялап, анын кайсы жерде жүргөндүгүн билгендерди кабарлап коюуну өтүнгөн.

Бул кулактандыруудан көп өтпөй Эсмонд жарыянын астына өзүнүн билдирүүсүн калтырып, полиция кызматкерлерине сүрөтүн өчүрүп коюуну айткан.

«Бул менмин. Сүрөттү алып койсоңор силерге абдан ыраазы болом. Себеби ал начар тартылган. Мен күнөөлүү эмесмин. Силер азырынча далилдей элексиңер», - деди ал.

Аталган басылманын маалыматына караганда, Эсмонд өзүнүн жактоочусунан кеңеш ала тургандыгын полицияга убада кылган. Ал эми, полиция департаменти анын бул өтүнүчүн орундатып, кулактандырууну баракчадан өчүрүшкөн. Бирок, ЖМКнын өкүлдөрү Эсмонддун начар тартылган сүрөтүн сактап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 856
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу