Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео - Калифорнияны каптаган чоң ала булут

Turmush -  Американын Калифорния штатында жайгашкан Санта-Круз шаарындагы көлдүн жээгиндегилер ачык асманды дароо каптаган чоң ала булутка күбө болушту. Бул окуянын күбөлөрүнүн бири ал учурду видеотасмага тартып алып, YouTube каналына жайгаштырды.

«Күтүүсүз жерден шамал башталып, көлдүн жээгиндеги чатырларыбыз учту. Эс алуучулардын бары жыйналып, үйлөрүнө кете башташты. Көп өтпөй чоң ала булут тез эле күндүн бетин жаап, асманды каптады», - деди видеонун автору.

Бул видеонун астына окуянын башка күбөлөрү өздөрүнүн билдирүүлөрүн жазышты.

«Бул калың булуттун арасына космос кемеси жашынган», - деп жазат James Austria.

«Биздин үстүбүзгө кулап түшчүдөй таасир калтырды», - деди Nitin Kumar.

«Бул акыр заман!», - деп жазды окуянын көбөсү Chrome Who.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 972
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×