При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Кыргыз сүрөтчүсү моңгол президентине жолугуп, портретин белек кылды

Turmush -  Кыргызстандык саякатчы Азамат Жаналиев Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуп, ага мык жана жип менен тартылган портретин белек кылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына сүрөтчү өзү маалымдады.

Өзүнүн айтымында, моңгол президенти аны жакшы кабыл алып, колодон жасалган жоокер сувенирди жана Моңголиянын рекорддор боюнча китебин белек кылды. Ага кошо кыргыз элине салам жолдоп узаткан.

Азамат Жаналиев президенттин сүрөтүн 7 күндө даярдаган.

Азамат Жаналиев деген ким?

Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну, өзгөчө таланттуу Азамат Жаналиев дүйнө кыдырып, сүрөт тартуудан түшкөн каражатка жетим балдарга жардам берүүнү максат кылат. «Улуу кыргыз изи» долбоору менен дүйнөнү кыдырып жүрөт.

- Кайсы жердин кулунусуз? Ээ болгон кесибиңиз боюнча айтып кетсеңиз.

- Мен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөм. Мектепти үй-бүлөмдүн шартына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Бишкек шаарларында көчүп жүрүп аяктагам. 9-классты аяктагандан кийин Курулуш техникумунун архитектор бөлүмүндө билим алып, ийгиликтүү бүтүргөм. Окууну аяктагандан кийин архитектор кесибин аркалап, бир нече жерлерде эмгектендим. Кесибим боюнча архитектормун.

- Эмгек жолуңуз кандай кызыктуу күндөр менен башталган жана алгач эмнелерди максат кылгансыз?

- Эмгек жолум 2015-жылдын апрель айынын башында башталган. «Улуу кыргыз изи» деген аталыштагы долбоор баштап, Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына чейин жөө келип, андан соң 62 күндүн ичинде велосипед менен Кыргызстандын 7 облусун кыдырып чыккам. Тагыраак айтканда, өлкөнүн бардык жерлерин көрүп, ар бир аймактагы жетим балдар үйүнө кирип чыктым. Ошондо мен жашоомдогу бардык тапкан каражатымды жетим балдар үйнө сарптап, ар бир жетим баланы бактылуу кылууну максат кылгам.

- Өзүңүз жазган «29 күз» атуу китебиңизге эмнелер камтылган?

- «29 күз» деген аталышта китеп жазып чыгардым. Ал китепте 29 жашка чейин жазылган мага жаккан ырларым жана чыгармаларым камтылган.

- Мык, жип менен сүрөт тартуу идеясы кайдан жаралган? Же башка таланттуудан үйрөндүңүзбү?

- Мык менен сүрөт тартууну эч жерден үйрөнгөн эмесмин. Айылда 6-7-класста окуп жүргөн учурда ылайдан үй куруп, үйдүн сыртына мык кагып, мыкка зым тартып, андан кийин шыбаганбыз. Ошол убакта мыкка зым тартып жатып, 2 кичинекей сүрөт тарткам. Жаштыгымдан эле ошол учурдагы идеяны ишке ашырууну көздөп жүргөм.

- Мык, жип менен профессионалдуу түрдө качан сүрөт тарта баштадыңыз?

- Мен алгач май боектор менен сүрөт тартып жүрүп, 7 эмгек жараткам. Андан кийин стринг-арт ыкмасына өтүп, сүрөт чийип, анын үстүнө мык кагып, жип менен сүрөттү кооздоп тарта баштадым. Сүрөттөрдү узун-туурасы 2,40-1,25 стандарт тактайчасына түшүрөм. Стринг-арт ыкмасында биринчи жолу улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тартуу менен баштагам.

- Сиз тарткан каармандар кимдер?

- Азыркы убакта 14-сүрөтүмдү тартып жатам. Биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун, андан кийин Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун, үчүнчү Петр биринчинин, төртүнчү Владимир Путиндин, бешинчи жолу Дубайдагы улуттук майрамдын желегин, андан кийин манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тарттым. Азыр Дубайдагы ханзаада жана шейхтердин сүрөтүн тартып жаткан учурум. Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү учурда анын музейинде сакталууда. Чеченстандын президентинин сүрөтү Грозныйда резиденциянын ичине илинген. Россиянын биринчи императору Петр биринчинин сүрөтү Санкт-Петербургда музейде, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин сүрөтү Москва шаарындагы Кремлдеги Путиндин жеке китепканасында, манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү аталаш бир туугандарынын неберлеринин үйүндө сакталып жатат. Дубайда тартып жаткан сүрөттөр, азырынча өзүмдө. Дагы үстүнөн иштеп, ар кандай сүрөт көргөзмөлөргө алып чыгып жатам. Тагыраагы 6 сүрөт тарттым. Ал сүрөттөрдө Дубайдын ханзаадасы жана шейхтери камтылган. Дүйнөдө бул ыкма менен иштегендер абдан аз кездешет.

- Бул өнөрдүн кыйынчылыктары жана алдыга койгон максатыңыз боюнча айта кетсеңиз.

- Мен жеке бизнес ачып да көрдүм. Ар кандай кыйынчылыктарды да баштан кечирдим. Бардык ишти баштарда 2 миң сом гана акчам болчу. Азыр «Улуу кыргыз изи» долбоорун толук түптөп, анын үстүндө талыкпай иштеп жаткан учурум. Аны коомдук фонд катары Дубайдан каттоодон өткөрүп, команда топтоп, ойлогон ойлор ишке аша баштады. Алдыда 70тен ашуун чоң мамлекеттерди кыдырып, өзүм жараткан сүрөттөрдөн түшкөн каражаттарга жана инвестиция тартуу менен Кыргызстандагы муктаждыгы чектелген балдарга жана жетим үйлөргө жардам берүүнү көздөп жатам. Тагыраак айтканда, жетим балдарга кайрымдуулук жасоону максат кылам. Эң негизгиси, мен үчүн өзүм басып өткөн жол эмес, кыйналган адамга кол сунуп калганым маанилүү болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу