При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Египеттик хирург бейтаптын ичинен 39 даана мык алып чыкты

Turmush -  Египеттик хирург бир бейтаптын ичинен 39 даана мык, тамеки күйгүзгүч жана тырмак алгыч алып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Youm7 порталына шилтеме берүү менен билдирди.

2a81fcf3cc9edaaebaacc242b9c9eb6c

Хирург Абдуррахман Мустафанын аталган порталга билдиргенине караганда, ооруканага 30 жаштагы жигит ичи ооруп кайрылган. Дарыгерлер аны тиешелүү кароодон өткөргөндө ичиндеги буюмдарды көрүп, абдан таң калышкан. 3 сааттык операциянын жыйынтыгында дарыгер бейтаптын ичинен 39 даана мык, чылым күйгүзгүч жана тырмак алгыч алып чыккан. 30 жаштагы жигиттин абалы 5 күндүн ичинде калыбына келип, 15 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.

Аталган бейтаптын жакындарынын айтымында, 30 жаштагы жигитке ушундай эле операция бир нече жолу жасалган. Ал буга чейин да ар кандай буюмдарды жутуп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу