Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Кыргызстандык балбан Н.Асангулов дүйнөлүк чемпионатка биринчи жолу катышты

Turmush -  Кыргызстандык балбан Нургазы Асангулов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка биринчи жолу катышты. Францияда өткөн чемпионатта ал 71 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан.

Алгач Н.Асанкулов Колумбия жана АКШнын спортчуларын жеңип, бирок жарым финал үчүн болгон беттеште Казакстандын өкүлү Демей Жадраевден утулуп калды. Ал атаандашы финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болгон.

Таймаштын жыйынтыгында Н.Асангулов аталган салмак даража боюнча 9-орунга жазылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1040
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×