Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Австралиялык балыкчыларды кубалаган эң чоң акуланын видеотасмасы

Turmush -  Австралиялык балыкчылар өздөрүнүн кайыгын кубалаган ак акуланы видеотасмага түшүрүп алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Маалыматка караганда, балыкчылар Жеймс Миллер жана Сэм Шеллабир ак акуланы Гарден аралынан балык кармап жатканда байкап калышкан. «Ал биздин кайыктын жанында дээрлик жарым сааттай сүзүп жүрдү. Жада калса биз кармаган балыктын бирин илип кетти», - деди Миллер.

Анын айтымында, акуланын узундугу болжол менен 5 метрди түзгөн.

Ак акула — дүйнөдөгү эң чоң жырткыч балыктардын бири. Орточо узундугу 4,6-4,8 метрге жетип, 6 метрге жеткен ак акулалар да кездешет. Жырткыч балыктардын мындай түрү адам баласына коркунучтуу экендиги айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1165
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×