Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Марс планетасына түнкүсүн кар жаайт, - окумуштуулар

Turmush -  Centre National de la Recherche Scientifique изилдөө борборунун франциялык жана америкалык окумуштуулары Марс планетасына түнкүсүн кар жаашы мүмкүн деп билдиришти. Бул тууралуу rosbalt.ru басылмасы маалымдады.

Илимпоздордун айтымында, Марстагы кыштагыдай көрүнүш тоңуп калган көмүр кычкыл газынан болушу мүмкүн. Күн баткандан кийин муздун бөлүкчөлөрү планетага түшүп, катуу шамалдын кесепетинен ал кар бороонго айланат. Бул көрүнүш байыркы Марс планетасынын атмосферасындагы суунун жоголушунун бирден бир себеби болушу мүмкүн.

Окумуштуулар мындай ачылыш Марсты жана башка планеталарды изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет дешет.

2008-жылы Phoenix марсоходдун жардамы менен Марста кар катталып, текшерүүдөн кийин кар бүртүкчөлөрүнүн курамында тоңуп калган суу бар экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу