Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Дүйнөлүк чемпионат: Кыргызстандык көк бөрүчүлөр финалга автоматтык түрдө жолдомо алды

Turmush -  Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көкпөр бонча (көк бөрүнүн казакчасы) дүйнө чемпионатынын финалына автоматтык түрдө жолдомо алды. Бүгүн, 24-августта кыргызстандыктар төртүнчү күн катары менен жеңиштин ээси болду.

А тобунда бирдей упай топтогон Тажикстандын курама командасы менен ойногон кыргыз жигиттери 15:2 эсебинде ишенимдүү жеңишти камсыз кылышты.

Кыргызстандыктар алгач 21-августта Моңголиянын командасы менен беттешип, эсеп 4:0 эсебинде биздин жеңиш менен аяктаган.

22-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары ойноду. Жыйынтык — 11:2 жана жеңиш Кыргызстанда.

23-августта Түркиянын курама командасы кыргызстандыктарга 3:13 эсебинде утулган.

4-турдун жыйынтыгы менен А тобунда Кыргызстандын командасы мүмкүн болгон 12 упайга толугу менен ээ болду. Ал эми, Моңголия менен Тажикстан 9 упай топтоду. Муну менен эми кыргызтандыктар 27-августта өтүүчү финалда Б тобундагы лидер менен таймашат. Азырынча экинчи топтогу финалчы курама команда аныктала элек.

Эртең, 25-августта Кыргызстандын курама командасы А тобундагы акыркы — 5-турдагы беттешке чыгат. Каршы чыга турган АКШнын курамасы буга чейинки 4 турдан тең жеңишти алдырышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу