Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баракелде

Марк Цукерберг экинчи ирет ата болду

Turmush -  Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукербергдин экинчи кыздуу болуп, ага Огост (August) деген ысым ыйгарышты. Цукерберг бул маалымат менен Facebook баракчасында бөлүштү.

Ал: «Мен сенин биздин конок бөлмөнүн жана бакчанын айланасында каалаганча чуркап, балалыктын бардык кубанычын көрөсүң деп үмүттөнөм», - деп жазган.

Цукерберг кызынын төрөлгөндүгүнө байланыштуу азыр бир айга жана кийинчекрээк дагы эки айга эмгек өргүүсүнө чыгат. Facebook компаниясынын кызматкерлери бала төрөлгөн мезгилде төрт ай убакытка эмгек өргүүсүнө чыга алышат.

Марк Цукерберг жана Присцилла Чан 2015-жылдын декабрь айында Макс аттуу кыздуу болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1210
Көп окулду
×