Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Японияда маркумдар үчүн мейманкана ачылды

Turmush -  Япониянын Иокогама шаарында кремацияга (жогорку температуралуу мештерге салып өлүктү өрттөө) алына турган маркумдардын сөөктөрү үчүн атайын мейманкана ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Өлгөн адамдардын саны өсүп жатат. Бирок сөөк өрттөлө турган мештердин саны аз. Ошондой эле, каза болгон адамдын сөөгүн дароо өрттөп салуу да мүмкүн эмес. Элдер маркумдун сөөгүнө сый көрсөтүп, каада менен узатуу иш-чарасын уюштуруу үчүн 4-5 күн күтүүгө туура келүүдө», - деди мейманкананын жетекчиси Наохико Иокота.

Анын айтымында, каза болгон адамдын туугандары атайын кызматтардан жардам сурашат.

«Бирок сөөктү узатуучу кызматтар да жардам бере алышпайт. Эми алар өлгөн жакыны үчүн мейманкананы пайдалана алышат. Ал эми, мейманкананын кызматкерлери сөөктү узатуу иш-чарасын уюштуруп беришет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 908
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу