Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Россияда кыргызстандык кыз сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Россиянын Дзержинск шаарында кыргызстандык Б.А. аттуу жаран сууга чөгүп каза болду. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, сууга чөккөн кыздын жакындары анын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн элчиликке жардам сурап кайрылышкан. Элчиликтин кызматкерлери 29-август күнү маркумдун сөөгүн Москва облусунун Люберцы шаарындагы соттук-медициналык бюрого алып барышып, аны Кыргызстанга жиберүү үчүн тийиштүү документтерди даярдап беришкен.

«30-август күнү маркумдун сөөгү мекенине жиберилди», - деп айтылат маалыматта.

Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары аталган окуя боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 752
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу