Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Өзбекстандын армиясы Борбор Азиядагы эң күчтүү армия деп табылды

Turmush -  Global Firepower рейтингинде Өзбекстандын армиясы Борбор Азиядагы эң күчтүү армия деп табылды.

Тизмеге жалпы 133 өлкө кирген. Анда Өзбекстандын армиясы 48-орунду ээлеген. Алдыңкы үчилтикке АКШ, Россия жана Кытай кирди. Казакстан тизмеде 55-орунду ээлесе, Түркмөнстандын армиясы 86-орунду, Моңголиянын армиясы 87-орунду, Тажикстандын армиясы 112-орунду ээледи.
Кыргызстан 189-орунга ээ болгон.

Аскердик күчтөрдүн аталган дүйнөлүк индекси 50 фактордун негизинде түзүлөт. Алардын катарында аскерлердин саны, аскердик кызматка жарактуу адамдардын саны, мамлекеттин армияга бөлгөн каражаты, абадагы аскер күчтөрү, деңиздеги аскер күчтөрү каралат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1694
×