Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Түркмөнстандагы 1-класстын окуучуларына президенттин атынан оюнчук нетбуктар таркатылды

Turmush -  1-сентябрда Түркмөнстандагы 1-класстын окуучуларына президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан оюнчук нетбуктар таркатылды. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, 23-июнда Илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелери боюнча вице-премьер Сапардурды Тойлыев жаңы окуу жылына карата 142 миң 819 компьютер алынганын билдирген. Ал компьютерлер оюнчук электрондук нетбуктар болуп чыкты.

Мурда 1-класстын окуучуларына «Lenovo» үлгүсүндөгү нетбуктарды беришчү. Бирок 2016-жылдан тарта кризиске байланыштуу оюнчук нетбуктар бериле баштады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1527
Көп окулду
×