Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Кыргызстандык А.Чоткараева «Ааламдагы миссис» сынагында алдыңкы 20 сулуунун катарында

Turmush -  Кыргызстандык модель Аида Чоткараева турмуш курган айымдар арасындагы эл аралык «Ааламдагы миссис 2017» сынагында эң мыкты 20 катышуучунун катарына кирди. Бул жагымдуу кабарды Аида социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.

Ошондой эле, 1-сентябрда атайын сыйлыктарды тапшыруунун алкагында кыргызстандык катышуучу «Сүрөткө эң мыкты түшкөн сулуу» наамы менен сыйланган.

«Жалпыңыздарга колдоолор үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Мен чындыгында катуу аракеттенип, дүйнөдөгү эң сулуу 60 айымдан алдыга оозуп чыктым», - деген А.Чоткараева бул ийгилигине ишене албай турганын кошумчалаган.

«Ааламдагы миссис 2017» эл аралык сынагы Түштүк Африка өлкөсүндө 28-августта башталып, 2-сентябрга чейин уланды. Ага дүйнөдөгү 85 өлкөдөн тандалган айымдар катышкан.

Жыйынтыгында сынактын жеңүүчүсү деп Вьетнам өлкөсүнүн өкүлү аталса, биринчи жана экинчи наамдарды Габон менен Пакистандын сулуулары ээледи.

28 жаштагы Аида Чоткараева 2016-жылы Кыргызстандагы үй-бүлөлүү айымдар арасында өткөн сынакта биринчи вице-миссис болгон. Учурда жолдошу менен уулун тарбиялап жатышат.

Былтыр бул эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан Наргиза Осмонова катышып, «Миссис Бизнесвуман» наамын утуп алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1561
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу