Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео - «Despasito» калькулятордо кандай угулат?

Turmush -  YouTube видео порталынын япониялык колдонуучусу азыркы учурда популярдуу болуп жаткан музыкалык хиттерди калькуляторго салып, ремикс вариантын ойноду. Анын акыркы эмгеги — «Despasito» чыгармасынын видеотасмасын 200 миңден ашык адам көргөн.

Япониялык жигиттин репертуарында Эд Ширандын «Shape of You», Жастин Бибердин «Friends» композициясы бар. Бирок интернетте бул номурларга караганда «Despasito» ырынын калькулятордо ойнолгон ремикс варианты тез арада популярдуу болуп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган.

Ушул жылы пуэрто-рикалык ырчылар Луис Фонси менен Дэдди Янкинин «Despacito» ыры жарыкка чыгып, дүйнөгө кеңири жайылды. Учурда бул ыр дүйнө жүзүндөгү белгилүү музыкалык тизмеде алдыңкы орундарды ээлеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу