Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Мекендештер: Шахризада Аданова Россияда кыргызстандык кыз-келиндерди «патриоттордон» коргогон уюм түптөдү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Шахризада Аданова. Ал Кара-Суу районундагы Садырбай айылында төрөлүп, ушул айылда өскөн. Учурда Россиянын Москва шаарында эмгектенип жаткан Шахризада мекендештердин башын бириктирип, «Айым» кыз-келиндер коомдук бирикмесин түптөгөн.

Ал адам укуктарын коргоого бала кезинен кызыгып, юриспруденция багыты боюнча жогорку билим алууну каалаган. 

«Бирок бир жыл окуган соң студенттердин аздыгынан биздин бөлүм жабылып калды. Жогорку билим алууну башка багытта улантканым менен көңүлүмө жакпай, 19 жашымда мигранттык турмушту тандадым. Ал кезде мигранттардын агымы күчөп жаткан убак эле. Мен да чет жакта иштөөнү чечип, ошол турмушту тандадым. Чет жактан ой жүгүртүүм, дүйнө таанымым өзгөрдү. Бир жылдан соң кайра мекениме кайтып, бир катар жумуштарда иштедим. Өзүмө тажрыйба топтоп, жаңы идеялардын үстүндө иштөөнү туура көрүп, кайрадан мигрант болдум. Экинчи ирет Москвага келгенимде кыргыз кыздар көбөйүп, ал тургай алардын укуктары бузула баштаганын көрдүм. Өздөрүн “патриот” көрсөткөн эркектердин артынан өзүбүздүн эле улуттун кыздары азап чегип жатты. Алардын укугун коргоо максатында заманбап аялдардын уюмун түзүү оюма келди. Аны ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар жардам көрсөттү.

Учурда биздин уюмга мүчө болго башка чет өлкөлөрдөгү мүчөлөрүбүз да арбын», - деди ал.

«Айым» кыз-келиндер коомдук бирикмеси учурда чакан жолугушууларды уюштуруп, мекендештердин көйгөйлөрүн ортого салып, көмөк көрсөтүп турушат.

«Биздин жолугушууда жумуш, укуктарды коргой билүү, коомдук иштерге активдүү катышуу боюнча ар кандай темаларда маселелер козголот. Мындан сырткары, спорт, сулуулук тармагында кызмат көрсөтүү, чакан бизнес түптөө боюнча тренингдер, диний багытта сабактар берилип турат. Бул сыяктуу иштер менен айымдарды ар тараптуу өнүктүрүүнү максат кылабыз. Өнөрлүү айымдар үчүн ар кандай сынактарды өткөрүп, чет өлкөдө кыргыздын улуттук оюндарын уюштуруп турабыз. Бул иштерге мекендештерибиз салымын кошуп, колдоп жатканы бизди кубандырат жана шыктандырат», - деди уюмдун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 985
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу