Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Ташкентке чогулган ашпозчулардан рекорд: 8 тонна палоо бышырууга 1900 кг күрүч даярдалган (видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында Гиннестин Рекорддор китебинин өкүлдөрүнүн катышуусунда дүйнөдө эң чоң көлөмдө — 8 тонна палоо бышырышты. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары социалдык түйүндөргө жарыялашты.

Маалым болгондой, иш-чарага Өзбекстандын ар кайсы аймагынан 50 ашпозчу чогулган. Күнү-түнү палоо жасап, аны таратуу иштери үчүн ар кайсы кесиптеги 200 адам тартылган.

Дүйнөлүк рекорд үчүн 1500 кг уйдун эти, 400 кг койдун эти, 220 кг койдун майы жана 1900 кг күрүч керектелет. Чоң казанга 2700 кг сабиз, 200 кг пияз салынып, 440 литр өсүмдүк майына куурулуп, ага 57 кг туз салынат. Анын үстүнө 100 кг буурчак, 190 кг мейиз, 5 кг зире, 2 кг кара мурч кошулат. 8 тонна палоо 350 литр сууга бышырылат.

Анын көп бөлүгү балдар жана карылар үйүнө таратыла турганы маалымдалды.

Сюжет: Guinness World Records жана Миллий ТВ телеканалы
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1227
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу