Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Украинадагы атышуудан эки кыргызстандык жаракат алды

Turmush -  Украинанын Киев шаарындагы райондордун биринде болгон атышуудан жаракат алган эки киши кыргызстандыктар деп божомолдонууда. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы Киевдеги Украинанын милициясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Белорусская көчөсүндө «Opel» үлгүсүндөгү унаа токтоп тургандыгы жана анын терезелери сынып, ичинде курал бар экендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Андан бир канча мүнөт өткөндөн кийин 102 линиясы аркылуу эки кишинин октон жаракат алып, медициналык жардамга кайрылгандыгы тууралуу кабар берилген.

Аталган жерге ыкчам изилдөө тобу, патрулдук милиция, эксперт-криминалисттер жана кылмыш иликтөө кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын териштиришти.

Мындан тышкары «Jaguar» үлгүсүндөгү унаа табылып, анда октун жана салонунда кандын издери болгон. Кылмышка шектүүлөр Белорусская көчөсүнө токтотулган «Opel» үлгүсүндөгү унаада болушкандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар эки адам болгон.

Окуя кечээ, 8-сентябрда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×