Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Видео, фоторепортаж - Аманда Нунес менен Валентина Шевченконун беттеши: Чемпиондук кур ээсинде калды

Turmush -  Бразилиялык Аманда Нунес жеңил салмак боюнча UFC сериясындагы чемпиондук курду сактап калды. Кыргызстандык Валентина Шевченко экөөнүн UFC 215 турнириндеги беттеши бүгүн, 10-сентябрда Канаданын Эдмонтон шаарында өттү. В.Шевченко рингге Кыргызстандын жана учурда жашап жаткан Перунун желеги менен чыкты.

Негизги беттештеги 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар тобу Аманда Нунеске жеңишти ыйгарышты.

Беттештен кийин В.Шевченко калыстардын чечими менен макул эместигин айтты. «Мен калыстардын чечимине түшүнбөй турам. Ал (Нунес) бир дагы сокку урган жок. Ал жеңишке жетишти деп эсептебейм. Бир дагы так сокку урулбастан, бутка гана алсыз соккулар болуп жатты. Мен андан алда канча катуу сокку урдум. Бул беттеш дагы болсун деп талап кылам», - деди В.Шевченко.

Ал эми, Нунес каршылашын чарчап калат деп ишенгенин жана бул орундалганын айткан.


2017-жылдын 9-июлунда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 213 турниринде эң маанилүү деп күтүлүп жаткан А.Нунес менен В.Шевченконун беттеши өтпөй калган. Ага А.Нунес беттешке бир нече саат калганда ооруканага түшүп калганы себеп болгон эле.
Эки спортчу буга чейин 2016-жылдын март айында UFC 196 турниринде беттешкен. Андагы 3 раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Нунеске берген болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1230
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×