Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«Мекендештер»: Россияда жеке ишканасын ачкан В.Бокотаева кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» долбоорунун кезектеги каарманы Венера Бокотаева Бишкек шаарында өсүп, атасынын каалоосу менен юрист адистиги боюнча жогорку билим алган. 36 жаштагы каарманыбыз учурда Россиянын Москва шаарында жеке бизнесин түптөп, кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылып келет. Чет өлкөдөн ийгилик жараткан мекендешибиз ийгилик тепкичине чейин басып өткөн кыйынчылыктарды баяндап берди.

«Юристтик кесиптен сырткары Тышкы иштер министрлигинин академиясын артыкчылык диплом менен аяктадым. Бирок өзүмө жаккан кесип менен иштегим келип, орто жолдо көп кыйналдым. Дизайнерлик билим алуу жагынан түйшөлүп, китептерди топтоп окуй баштадым. Окуп бүткөндөн кийин эч качан бул ишти өздөштүрүп кете албайм деп ойлогом. Бирок жакшы көргөн жумушуңду аркалап кетүү үчүн аракет керек экен. Бир аз аракет кылып көрүп, бул тармакты аз убакытта өздөштүрүп кеттим. Ошондой эле, жаңы ыкмаларды ойлоп таап, мындан он жыл мурун тикмечиликти үйрөтүүчү курстарды ачкам. Алгач ишенбегендер көп болуп, шек санагандар да чыкты. Ишеничти актоого далил катары менден сабак алган актриса Рахат Божокоева жана белгилүү дизайнер Агема Замирбекова өз алдынча тигүү цехин ачышты», - деди ал.

Венера айым ийгиликке жетүү үчүн акча башкы орунда эмес, билим баалуу деп эсептейт.

«Москва шаарына мигрант катары жолдошум менен январь айында бардым. Албетте, бөлөк эл, бөтөн жерге көнүп кетүү кыйын болду. Эң кыйыны үй маселеси экен. Алгач бизди классташым үйүнө батырып, айрым жумуштарыбызга кеңешин айтып жатты. Жеке менчик ишкана ачуу үчүн керектелүүчү документтер Кыргызстанда абдан көп жана түйшүктүү. Ал эми, Москвада ыктыярдуулук патент менен иштесе болот. Учурда орустардын чоң дүкөндөрү менен иштешем. Кардарларыбыз биздин жумушту баалап, тактыкты талап кылышат. Бул жакта чайкана, дүкөн ачкан мекендештерибиз да бар. Алар да колдоп, жакшы сөздөрү менен кубаттап турушат», - деди В.Бокотаева.

Эмгекчил кыргыз кызы өзү ачкан тигүү цехти апасынын атынан «Калий» тигүү цехи деп атаган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 912
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу