Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Тилсиз жоо: Флориданын будуң-чаңын чыгарган Ирма куюну (видео)

Turmush -  Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Американын Флорида штатындагы үйлөрдүн чатырларын учуруп, шаарды талкалаган Ирма куюну тартылган видеотасмаларды өздөрүнүн баракчаларына жүктөй башташты. Видеотасмалардын биринен катуу шамал Майаминин жээгиндеги үйлөрдүн чатырларын учуруп жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү телеканалдын алып баруучусу Омар Льюис Ирма куюну деген белгиси менен Майаминин көчөлөрү деңизге айланып жаткан видеотасманы жарыялады.

Буга чейин социалдык түйүндөргө көчөдөгү видеокамерага Сан-Мартен аралынын жээгиндеги табигый кырсык тартылып калган тасма жарыяланган.

Ирма куюну АКШнын Флорида штатында кеминде үч миллиондой кишини электр жарыгысыз калтырды. Ишемби күнү штаттын губернатору Рикк Скотт өлүм коркунучун туудурган бороондон сактануу үчүн жергиликтүү тургундарга тез арада коопсуз жайга кетүүнү эскерткен.

Бүгүн Флорида штатында Мексика булуңунун чыгышын карай багыт алган куюн бешинчи категориядан биринчи категорияга түшүрүлдү. Бирок кубаты басаңдаганы менен ал нөшөр жана бороон менен коштолуп, адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Добулдан канча адам каза болгону тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек. Бирок Кариб аралдарында дагы 3 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда. Буга чейин куюн Кариб деңизиндеги аралдар менен Кубага сокку уруп, 24 киши каза болгон. АКШ бийлигинин божомолдоосуна ылайык, куюндан кеминде 30 млн адам жабыр тартышы мүмкүн.

Ирма куюну — 5-категориядагы эң кубаттуу атлантикалык тропикалык циклон деп эсептелет. Ал акыркы жолу 2010-жылы көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 987
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×