Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баракелде, Дүйнө 23.09.2017 21:31

Кыймылсыз жашоо образын өткөргөн аялдар бат карыйт (изилдөө)

Turmush -  Сан-Диего шаарындагы Калифорния университетинин алдындагы медицина мектебинин изилдөөчүлөрү көп отурган аялдар тезирээк карыйт экендигин далилдеди. Бул тууралуу «Американын эпидемиология басылмасынын» (American Journal of Epidemiology) сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, окумуштуулар 64 жана 95 жаш арасындагы 1 миң 500 улгайган аялды изилдеген. Алар берилген суроолорго жооп берип, жети күндүн ичинде активдүүлүктүн деңээлин өлчөөчү жабдык менен жүрүшкөн. Анын жыйынтыгында күнүн көп бөлүгүн кыймылсыз өткөргөн аялдардын организминин клеткасы алардын курагынан 8 жашка улуу экендиги аныкталды.

«Биздин изилдөөбүз кыймылсыз жашоо образын өткөргөндөрдүн клеткалары бат карыйт экендигин көрсөттү. Хронологиялык курак дайыма эле биологиялык жашка дал келе бербейт. Биз жаш кезибизден баштап физикалык көнүгүүлөрдү жасашыбыз керек. Ал эми физикалык активдүүлүк күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланышы зарыл», - деди изилдөөнүн автору Аладдин Шадьяб.

Изилдөөчүлөр күнүнө 10 сааттан ашык отурган жана өздөрүнө 40 мүнөттөн аз физикалык күч келтирген аялдардын теломери кыска болот экендигин аныкташты. Теломер — хромосомаларды бузулуудан коргоочу ДНК жибинин учу. Жаш өткөн сайын теломерлер кыскарат. Алардын кыскарышы диабет, рак жана жүрөк ооруларына алып келет.

Аладдин Шадьяб жана анын кесиптештери эркектердин теломеринин узундугу менен физикалык күч келүүнүн байланышын изилдөөнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×