Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео, фото - Индиялык жигит келечектеги кайненесин сабап, кызын уурдап кетти

Turmush -  Индиянын Раджастхан штатынын айылдарынын биринде өспүрүм кызды апасынын жана инисинин көзүнчө уурдап кетти. Бул окуяны тасмага алардын жакындары тартып алган, деп билдирди The Daily Mail басылмасы.

Маалыматка караганда, анын энеси кызы жетилип, мыйзамдуу никеге туруу курагына келгиче күйөөгө берүүнү каалаган эмес. Ал кызды коргоого аракет кылганда, келечектеги күйөө баласы Шаукат досу менен бирге аны ур-токмокко алган. Кыздын иниси аларды таяк менен кубалап, энесине жана эжесине болушкан. Атасы Шаукатка кызын күйөөгө берүүгө сөз берген. Кыз 18 жашка чыга электигине байланыштуу мыйзамдуу никеге турууга мүмкүн эмес. Ал эми, аны ала турган жигит 21 жашта экендиги маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1170
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×