Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Италиялык машыктуруучу аял өзүнө турмушка чыкты

Turmush -  Италиялык фитнес-машыктыруучу өзүнө турмушка чыгып, дүйнө элин таң калтырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал салтанаттуу той уюштуруп, ага 70 конок чакырган. Машыктыруучу айым тойго ак көйнөк кийип, боёнуп жана чачын да жасалгалаган. Лаура мындай кадамды эки себептин негизинде жасаганын айтууда. Биринчиден, ал 12 жыл мамиле курган сүйүктүүсү менен эки башка жолго түшүп, абдан капаланган. Экинчиден, ал «40 жашка чыкканча өмүрлүк жарымды таппасам, өзүмө-өзүм турмушка чыгам» деген убадасын ата-энесине берген.

«Жомоктор ханзаадасыз деле болот», - деди ал.

Жергиликтүү басылмалар Лаура Меси өзүнө үйлөнүү менен өнүгүп жаткан «сологами» (жубайы же жолдошу жок нике мамилеси) трендинин позициясын бекемдегенин жазды. Ушул жылдын май айында да неаполитаниялык Нелло Ружерио колуктусу жок үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөн.

Италияда аталган нике формасы юридикалык түрдө катталган эмес. Ошондуктан Лаура Меси формалдык жактан никеси жок деп эсептелинет. Анын австралиялык курбусу Дебби Сперанца үйлөнүү тойго келүү үчүн жаңы көйнөк сатып алгандыгын билдирген. Ал үлпөт тойдо өзүнүкүндөй көйнөк кийген алты айымды көрүп, абдан таң калган. Алар салтанатка окшош кийинип келүү тууралуу алдын ала сүйлөшүүлөр жүрбөгөндүгүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1399
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×