Turmush - Казакстандын Шымкент шаарындагы үйлөнүү үлпөт той кортеждин эмес, төөлөрдүн коштоосунда өттү, деп билдирди Otyrar.kz басылмасы.
Маалым болгондой, үйрөтүлгөн жана кооздолгон төө кербени тартылган тасманын үзүндүсүн шаар тургундарынын бири социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. Буга чейин Шымкентте тик учактын коштоосундагы өзгөчө үлпөт той өткөн болчу.