Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 03.10.2017 11:38

Видео - Кытайда жатакананын акысын төлөбөгөн турист 19-кабаттагы үйдөн электр зымы менен качты

Turmush -  Кытайда мейманкананын акысын төлөгүсү келбеген турист электр чубалгысынын жардамы менен 19-кабаттагы үйдөн башка имаратка качууга аракет жасаган. Бул тууралуу жергиликтүү «Жэньмин жибао» гезити жазып чыкты.

Маалым болгондой, турист сыртта асылып турган  электр чубалгысы менен мейманканадагы бөлмөсүн таштап, андан соң карама-каршысындагы имаратка жөнөгөн. Алгач турист денесинин тең салмактуулугун сактап,  электр чубалгыны кылдаттык менен кармап, акырындык менен өзүнүн максатын көздөй жылып баштаган. Анын бул окуясын жергиликтүүлөр тасмага тартып алышкан.

Кытай басылмаларынын маалыматына караганда, туристтин жерге түшүүсүнө өрт кызматкерлери жана куткаруучулар жардам беришкен. Андан кийин аны полиция тиешелүү жайга алып барып, чоң өлчөмдөгү айып пул салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×