Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Лас-Вегастагы массалык өлтүрүү: Пенсионер 50 адамды атып, 200дөй жаранды жарадар кылды (фото)

Turmush -  Американын Лас-Вегас шаарында кантри музыкасынын фестивалына келген көрүүчүлөргө ок атылып, анын кесепетинен 50дөй адам каза болуп, 200дөн ашык адам жаракат алды, деп жазат «Лента.ру» басылмасы.

Маалыматка караганда, ок атуунун үндөрү казинонун жана «Mandalay Bay» мейманканасынын жанынан угулган. Аталган имараттын жанында музыкалык фестиваль өтүп жаткан. Ок атуу сахнада белгилүү ырчы Джейсон Элдин ырдап жатканда башталган. Алгач адамдар аны петарда жарылып жатат деп түшүнүшкөн.

«Сахнадагы топту алып кетип, жарыкты күчөтүүчү аспапты күйгүзүштү. Жардамга дарыгерлерди, кароолчуларды чакырышты, бирок ок атуу токтогон жок», - деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Ал жерде 10-15 мүнөт тынымсыз ок атылган. «Ок атуунун үндөрү биринин артынан бири угулуп жатты. Адамдардын бардыгы, тирүүсү өлүгү да бири-биринин үстүнө кулап жатты», - деди окуянын дагы бир күбөсү. Тергөөчүлөр массалык өлтүрүүнү жасаган адам мейманкананын 32-кабатында туруп ок чыгаргандыгын аныкташкан.

«Ал автоматтык же бир нече жөнөкөй курал колдонушу мүмкүн. Анын куралды элдин борборуна мээлеп, окту кое берүүчү баскычына басып коюуусу эле жетиштүү болду », - деди CNN аскердик талдоочусу Джеймс Галиано.

Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү 64 жаштагы пенсионер Стивен Пэддок экендигин аныкташып, ал өлтүрүлгөндүгүн билдиришти. Анын мейманканадагы бөлмөсүнөн ок атуучу курал табылган. Учурда анын кандайдыр бир экстремисттик топко мүчө экендиги тактала элек. Полиция массалык өлтүрүүнү өзү жалгыз жасагандыгын божомолдоодо. Пэддок Невада штатынын тургуну. Ал федерациялык полициянын маалыматтар базасына кирген эмес. Бирок жергиликтүү сакчылардын бардыгы аны таанышкан. Тергөөчүлөр Пэддоктун Мэрилу Дэнли аттуу аялы бар экендигин аныкташты. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Аталган окуя АКШнын тарыхындагы эң көп адам көз жумган учур болду. Буга чейин 2016-жылдын 13-июнунда афганистандык Омар Матин АКШнын Орландо шаарындагы гей-клубдун ичиндеги 49 адамды атып өлтүргөн. Ал кылмышты жасаганга чейин тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмунун жетекчиси Абу Бакру аль-Багдадиге ант берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 997
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×