Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Берлинден Экинчи дүйнөлүк согушта жарылбай калган бомба табылды

Turmush -  Берлиндин Шенеберг районундагы курулуш иштери учурунда Экинчи дүйнөлүк согушта жарылбай калган авиабомба табылды. Бул тууралуу Берлиндин полициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, салмагы 250 кг жеткен бомба жок кылынды. Жергиликтүү тургундар эвакуацияланган болчу. Азыр 10 миңге жакын адам үйлөрүнө кайтып келе алышат.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында гитлердик Германияга ар кандай калибрдеги 2 миллиондон ашык бомба ташталган. Алардын 20%дан ашыгы жарылбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×