Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Алматада учак кулап, кыргызстандык капитан баш болгон 5 адам каза болду

Turmush -  Казакстандын Алмата шаарына жакын жерде Ан-28 үлгүсүндөгү учак кулап, ичиндеги 5 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган учактын командири Кыргызстандын, экинчи учкуч Казакстандын жараны болгон. Борттогу 2 дарыгер — профессор, акушер-гинеколог Талгат Патсаев менен жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Жанибек Артыкбаев да көз жумду. Алар оор абалдагы бейтапка жардам көрсөтүшү керек болчу.

East Wing авиакомпаниясына таандык Ан-28 учагы Алмата—Шымкент маршруту боюнча санитардык каттам учурунда саат 18:47де Алмата шаарынан 28 км аралыкта локатордон жоголгон. Ошол мезгилде капитан менен байланыш үзүлгөн.

Учурда куткаруучулар өрт өчүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 947
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×