Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Америкалык жигитке сүйүктүүсүнүн колун суроого жираф жардам берди

Turmush -  Американын Миссури штатынын Коди Холл аттуу тургуну сүйүктүүсүнө үйлөнүүнү жирафтын жардамы менен сунуштады. Ал жапайы жаныбарларды багуучу жайдын кызматкерлеринен нике шакегин жирафтын моюнуна илип коюуну суранган. Андан кийин ал сүйлөшкөн кызы Макайл Блейкини зоопаркка сейилдөөгө чакырган, деп жазат «Подробности» басылмасы.

22007396_10154633715591895_1172247129797527248_n

Маалым болгондой, аталган жердин кызматкерлери кыз-жигитке зоопарктын ичине саякат уюштуруп, Макайлге өз алдынча жирафка тамак берүүгө уруксат беришкен. Жаныбар кыздын колундагы бутакка ийилгенде ал жирафтын моюнундагы шакекти көргөн. Бул учурда Коди тизе бүгүп, Макайлге турмушка чыгуу сунушун киргизди.

22046541_10154633715561895_5592578578778691254_n_01

«Мен анын бул сунушка макул болорун билгем. Анткени биз нике тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ошентсе да анын «ооба» деген жообун укканда башкача сезим болду», - деди ал.

Дикерсон зоопаркынын кызматкерлери бул бактылуу көз ирмемдин сүрөттөрүн социалдык түйүндөрдөгү баракчага жарыялашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 848
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×