Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Кайсы мамлекеттин жарандары эң көп саякаттайт?

Turmush -  Movehub эл аралык транспорттук компаниясы 2017-жылы жарандары көп саякаттаган мамлекеттерди аныктады, деп жазат Business Insider басылмасы.

Маалыматка караганда, Кытайдын Гонконг шаарынын тургундары дүйнөдөгү эң көп саякатка чыккан адамдар деп табылды. Аталган шаардын тургундары орто эсеп менен жылына 11,4 жолу саякатка чыгышат. Алар ар бир саякат үчүн 3 миң доллар акча каражатын сарптайт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча рейтингдин экинчи сабына бир жылда орто эсеп 2,56 жолу саякаттоого чыккан Люксембургдун тургундары жазылды. Алар саякаттоого орто эсеп менен 6 миң доллар коротот. Ал эми, рейтингдин үчүнчү катарын Венгриянын саякатчылары (жылына 1,62 жолу саякатка чыгып, 250 доллар сарпташат) ээледи. Ошондой эле, аталган тизмеге Швециянын, Финляндиянын, Ирландиянын, Сингапурдун, Швейцариянын, Даниянын жана Албаниянын тургундары кирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1769
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×